Ысык-Көлдө тоо көлдөрү изилденүүдө

Ысык-Көл облусунун аймагындагы бийик тоолу көлдөрдөгү суулардын деңгээли жогорулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында изилденүүдө. Бул туурасында бүгүн, 7-август ӨКМдин маалымат борборунан билдирди.

Маалымдалгандай, тоо арасындагы байкоого алынган жалпы 20 көлдүн азыркы учурда Тоң районунда 4 жана Жети-Өгүз районунда 6 көл изилденди.

"Изилдөө топтору тарабынан каралган тоо арасындагы көлдөрдүн абалы туруктуу, суу деңгээли жылдагы белгиленген чегинен ашпагандыгы жана суунун көлдөн агып чыгуусу өз нормасында экени ошондой эле жырылып кетүү коркунучу жок экендиги аныкталды. Мындай байкоо жана изилдөө иштери ӨКМдин Ак-Суу, Ысык-Көл району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан да жүргүзүлүүдө", - деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан