Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун болжолдуу датасы айтылды

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.

"Мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо шайлоо күнүнө 60 календардык күндөн кечиктирбестен президент тарабынан дайындалат. Андыктан шайлоо ушул жылдын 17-ноябрь айына дайындалышы мүмкүн", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына кол койгон.

Анда шайлоо ченемдерин өркүндөтүү, шайлоолордо инклюзивдүү норманы киргизүү, бийликтин өкүлчүлүктүү органдарында аялдардын көбүрөөк болушу жана шайлоо мыйзамдарын бузгандарга жоопкерчиликти күчөтүү каралган.

Саясий партияларга шайлоо босогосу 7 пайыздан 5 пайызга түшүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан