Казакстандын Актөбө облусунда жол кырсыгынан алты адам каза болду, анын үчөө жаш бала болчу. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, кырсык, бүгүн, 7-августта Самара-Шымкент унаа жолунун 862-чакырымында болгон. Анда жүк ташуучу унаа менен Тойота Ипсум унаасы сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана анын беш жүргүнчүсү кырсык болгон жерде каза болушкан.Каза болгондордун үчөө жаш балдар. Алдын ала маалыматтар боюнча, балдар жана алардын ата-энелери футболдук мелдешке бара жатышкан.
Бул факты боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталды. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес. Учурда кырсыктын себептери такталууда.