Ысык-Көл облусунда өнөр жай зонасындагы 1,37 гектар жер жана Каракол шаарындагы 50 сотых ун комбинаты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын муниципалитетинин экс-чиновниги О.И. 2012-2013-жылдары түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте коммерциялык багыттагы жерлерди төмөндөтүлгөн нарк боюнча жеке менчикке өткөрүп берген, ошондой эле мыйзамсыз түрдө 10 гектардан ашык жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө Каракол шаарынын башкы планына карама-каршы келген токтомдорду чыгарышкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын жыйынтыгында, О.И. аттуу жаран келтирилген зыяндын эсебинен мамлекеттин балансына өнөр жай зонасындагы 1,37 гектар жер тилкесин жана Каракол шаарындагы ун комбинатын өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Алардын базар баасы 1 миллион долларды түзөт.