Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылына мультифункционалдык спорт комплекси курулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-августа Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 17,72 гектар жерге салына турган комплекстин курулушу быйыл башталат. Курулуш долбоору кечээ футбол союзунун президенти, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында талкууланган.
"Аталган комплексте футбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, волейбол, баскетбол, күрөш, дзюдо, бокс, гимнастика, оор атлетика, теннис жана башка спорттун олимпиадалык түрлөрү үчүн инфраструктура каралат. Комплексте аталган спорттор боюнча эл аралык даражадагы мелдештерди өткөрүүгө жана улуттук курама командаларды даярдоого бардык шарттар түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.