Свердлов райондук укук коргоо кызматкерлери тарабынан алдамчылык фактысы боюнча 29 жаштагы жаран кармалды

Свердлов райондук укук коргоо кызматкерлери тарабынан алдамчылык фактысы боюнча 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Свердлов райондук укук коргоо кызматкерлерине Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну ушул жылдын октябрь айында анча тааныш эмес жаран ишенимине кирип, 65 миң сом акча алып, кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Тиешелүү чаралар көрүлгөндүн кийин аталган кылмышка тиешеси бар деп 29 жаштагы Т.Азат кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан