Түркия Израилди сотко берди

Түркия Газадагы геноцид боюнча Эл аралык сотко арыз берип, зордук-зомбулукту тез арада токтотууну талап кылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын Израилге каршы геноцид ишинде үчүнчү тарап катары кошулуусу үчүн Эл аралык сотко кайрылганын жарыялады.

"Биз жаңы эле Эл аралык сотко Израилге каршы геноцид ишинде үчүнчү тарап катары кошулуу арызыбызды бердик. Кылмыштары үчүн жазасыз калган Израиль күн сайын көбүрөөк бейкүнөө палестиналыктарды өлтүрүүдө. Эл аралык коомчулук геноцидди токтотуу үчүн бардыгын жасоого тийиш. Израилге жана анын жактоочуларына чара көрүүгө тийиш. Түркия бул жолдо бардык күч-аракетин жумшайт", - деп жазды Фидан социалдык тармактагы баракчасына.

Түркия Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы доосуна кошулган жетинчи өлкө болду. Буга чейин ушундай эле арыздарды Никарагуа, Колумбия, Ливия, Мексика, Палестина жана Испания берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан