15-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ипподромдо кыргыз-өзбек элинин достугун бекемдөө максатын көздөгөн чоң программадагы эл аралык концерт өтөт. Аталган иш-чарага кыргыз жана өзбек эстрадаларынын мега жылдыздары катышат.
Кереметтүү көл жээгинде өткөн эл аралык маданий иш-чаранын коноктору Борбор Азияда хит болуп жаткан "Көк Жигули" жана "Жанзе" аттуу ырлардын аткаруучулары Озода жана Хамдам, таланты жана харизмасы менен миллиондордун жүрөгүнөн түнөк тапкан Амирчик, 80-жылдардын легендасы "Ялла" тобу, 90-жылдардын жылдызы "Болалар" тобу болмокчу.
Ошондой эле Кыргызстанда соңку учурда өзгөчө популярдуулукка ээ болгон аткаруучу Jax жана мукам үндүү ырчы айым Алтынай Асанбекова күйөрмандарын кубантат. Керемет кечтин алып баруучулары өзбекстандык теле алып баруучу, актриса Ситора Фармонова жана кыргыздын мыкты алып баруучуларынын бири Санжар Мыкыев.
Концерттин башталышы 20:00
Билет баасы: 1500-3000 сом
Билеттер KASSIR.KG жана Tiсket.kgө`де сатылууда.