MEGA-конкурска катышып, сонун сыйлыктарды утуп ал!

Оюнчуларыбыздын байге куржуну Париждеги Олимпиада оюндарынын алгачкы медалдары менен толукталды! Демек, MEGA-конкурс дагы улана бермекчи!

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун масштабдуу конкурсуна катышып, белек утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз!

Эскерте кетсек, белектердин саны Олимпиададагы спортчуларыбызга жараша болот:

— ар бир алтын медаль үчүн MEGA жаңы iPhone 15 белекке берет;

— ар бир күмүш медаль үчүн Huawei GT4 сааты ойнотулат;

— ар бир коло медаль үчүн Huawei FreeBuds 5i кулакчындарынын бирин утуп алууга болот.

Конкурстун шарттары абдан жөнөкөй:

1. @megacomkg (Instagram) баракчасына жазылыңыз.

2. Үч досуңузду белгилеңиз.

3. Бул посттун астына “жакты” белгисин коюңуз.

Конкурстун жыйынтыгы 13-августта @megacomkg түз эфиринде рандомайзердин жардамы менен чыгарылат.

Маанилүү маалымат: утуш оюну өткөрүлүп жаткан учурунда профилдер ачык болуп, аккаунтта үчтөн кем эмес сүрөт болушу керек. Коммерциялык аккаунттар, ошондой эле MEGA кызматкерлери сынакка катыша алышпайт.

MEGA − Парижде өтүп жаткан 33-Жайкы Олимпиада оюндарын УТРК жана УТРК Спорт телеканалдарында түз алып көрсөтүүнүн расмий демөөрчүсү. MEGA кыргызстандыктарга өзгөчө мүмкүнчүлүк тартуулайт, мекендештерибиз мелдештерди өз смартфонунан MegaTV мобилдик колдонмосу аркылуу көрсө болот.

Компания Кыргызстандын Франциядагы олимпиадалык делегациясын да акысыз байланыш менен камсыз кылган. Маанилүү спорттук иш-чара өтүп жаткан учурда спортчулар жана аларды коштоп жүргөн адамдар үчүн ыңгайлуу баарлашуу тартуулоо, байланыш менен камсыздоо – MEGA үчүн сыймык!

Спортчуларыбызды колдоңуз жана байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан