Сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактардын тизмеси жарыяланды

10-12-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунда жана Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
"Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп, Тоң райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов, Кемин райондорунда жана Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунда сел жүрүшү күтүлөт", - деп жазылат анда.
Ошондой эле Талас облусунун Чыңгыз Айтматов, Бакай-Ата, Талас райондорунда, Ош шаарынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу мүмкүн экени айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан