Коңшу Казакстандын Париж Олимпиада оюндарындагы делегация мүчөсү, Алматынын спорт башкармалыгынын жетекчиси Эрден Хайруллин Парижде каза болду. Маалыматты Алматы акимиаты тастыктады.
"Алматы шаарынын спорт бөлүмүнүн башчысы Хайруллин Эрден Рашидовичтин күтүүсүз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп айтылат маалыматта.
Бул маалыматты Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги да тастыктаган. Министрлик ал бүгүн, 8-августка караган түнү күтүүсүздөн каза болгонун билдирди.
Эрден Хайруллин 1987-жылы 18-декабрда Алматыда төрөлгөн. Анын эмне себептен каза болгону белгисиз.