Жапаров президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, башкармалыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Анда Жапаров башкармалыктын жана ага караштуу мекемелердин кызматкерлерин маараке менен куттуктап, алардын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана өз ишине берилгендиги мамлекеттик аппараттын туруктуу жана натыйжалуу ишинин ачкычы экенин белгиледи.

Президенттин иш башкармалыгы мындан ары да өлкөнүн өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө зор салым кошуп, алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү чече берерине ишенимин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө төрага башкармалыктын жана ведомствого караштуу мекемелердин бир катар кызматкерлерине министрлер кабинетинин төрагасынын атынан Ардак грамота жана ыраазычылык барактарды тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан