Улуу Британиядагы кырдаалга байланыштуу ТИМ билдирүү таратты

Бүгүн, 8-августта Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги ал жакта жашаган жана ал өлкөгө бара турган кыргызстандыктарды сак болууга чакырып, билдирүү таратты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, Ротерхэм, Болтон, Блэкпул, Халл, Бристоль, Сток-он-Трент, Белфаст, ошондой эле Манчестердин жана Ливерпуль шаарларынын аймактарындагы абал турукташканга чейин аталган шаарларга баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

Ошону менен бирге азыркы учурда Улуу Британиянын аталган аймактарында жүргөн Кыргызстандын жарандарын күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоого, эл көп чогулган жерлерге баруудан карманууга жана акыркы жаңылыктарга көз салууга чакырды.

Мындан тышкары элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Улуу Британияда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл учурда жардам же кеңеш сурап кайрыла алышат: +44 7341 185777 (WhatsApp).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан