Бүгүн, 8-августта президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды. Борбор калаадагы аэропорттон Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Айта кетсек, өлкө башчы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына Борбордук Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн барды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, сапардын алкагында Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.