Эртең, 10-августта Бишкектин Горький көчөсүнүн Кунанбаев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады.
Ал эми 11-август күнү Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн жабуу пландалууда.
Бишкек шаарынын мэриясы тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала мерчемдеп алууну сунуштайт.