Баткенде быйыл 22 объекттин курулушун бүткөрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Баткен облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ага ылайык, быйылкы жылы облуста 68 объекттин курулушу титулдук тизмеге кирген. Анын ичинен 29 объект капиталдык курулуш, 19 объект капиталдык оңдоп түзөө, 9 объект таза суу түтүкчөлөрүн тартуу жана 11 объект долбоордук сметалоо объектилери.
Аталган 68 объектиге бүгүнкү күндө 360 миллион сом акча каражаты каралган.
"6 ай ичинде 9 социалдык объекттин курулушу аяктап, эксплуатацияга тапшырылды. Алар 4 мектеп, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси жана 4 таза суу менен камсыздоо объектилери", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин каржылоодон соң, 10 капиталдык курулуп жаткан жана 3 капиталдык оңдоодогу объекттер пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.