Бишкекте дагы бир көчө оңдоо иштери үчүн жабылат

10-августтан 25-августка чейин Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү Т.Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки жол капиталдык оңдоо иштери үчүн жабылат.

Шаардык мэриядан билдиргендей, буга чейин жол түндүк тарабынан жабылган болсо, ишти тез арада жыйынтыктоо үчүн эми толук жабылат.

Учурда жолдун эски асфальтын сыйруу, кошумча арык орнотуу, көпүрөнүн астындагы түтүктөрдү тазалоо жана алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала мерчемдеп алууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан