Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында бокс боюнча 57 килограмм салмак ченинде финалга чыккан мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна ыр арнады.
"Сапарыңды байкалбастан баштадың,
Өз ишиңди чебердикте баптадың.
Балбандардан күтүп жатсак керемет,
Сен бокстан тарых жазып таштадың.
Сен алдыга жылган сайын убай жеп,
Жеңишиңди суранабыз Кудай деп.
Майлуу-сүттүү болгой эле медалың,
Алтын тарткан аркасынан улай көп.
Көрүнөсүң кичипейил жакшы адам,
Мен-менсинип көкүрөгүн какпаган.
Даңктап, туусун желбиреттиң Мекендин,
Атаңа алкыш сендей уулду таптаган.
Азаматым, жаралыпсың намыска,
Ташыркабай оз баарынан жарышта.
Элиң көрсүн мээнетиңдин үзүрүн,
Бийиктерди багынта бер, талыкпа.
Муундан-муунга жеңиштерге дем берип,
Мунар деген атың жансын тарыхта…". деп жазды Кадырбеков.
Белгилей кетсек, Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында 9-августка караган түнү кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу бокстан жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалга чыкты.
Эми ал финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешет. Финалдык беттеш 11-августта өтөт.