Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова африкалык атаандашын жеңди (видео)

Бүгүн, 9-августта атактуу кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Париж шаарындагы алгачкы беттешин өткөрдү.

62 килограмм салмакта 1/8 финалда Айсулуу Тыныбекова 2 жолку Африканын чемпиону болгон нигериялык Эстер Колаволе аттуу 22 жаштагы балбан кыз менен кез келди.

Кызыктуу беттештин жүрүшүндө Айсулуу Тыныбекова 5:1 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты. Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова америкалык Кайл Миракл менен кез келет.

Айсулуу Тыныбекова Африка чемпионун жеди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан