Эртең, 10-августта күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас облусунун айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде кыска мөөнөттүү жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20 ... 25, күндүз +29 ... +34,
Талас облусунда түнкүсүн +14 ... +19, күндүз +27 ... +32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21 ... 26, күндүз +31 ... +36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13 ... +18, күндүз ... +23 ... +28,
Нарын облусунда түнкүсүн +8 ... +13, күндүз +25 ... +32.
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн +22 ... +24, күндүз +31 ... +33 градус болот.