Өлкөдө криминалга каршы күрөшүүнүн кайсы бир этабы бүттү. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 9-августта Жалал-Абад облусундагы бокс ордосунун ачылышында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен криминалды жок кылууда, коррупцияны алдын алууда катуу күрөш жүрүп жатат.
“Криминалдын мүчөсүмүн, бандитмин, бизнести тартып алам дегендер жокко эсе калды. Жеке ишкерлер жана жарандар эркин иш алып барат. Бирөөлөдүн бизнесин тартып алган жарандарды, милиция, жакшы карап, таап бергиле. Алардын баары жазаланат”, - деди УКМК башчысы.
Ташиев ошондой эле коррупциянын башаты мамлекеттик кызматтагыларда экендигин баса белгилеп, алган айлыгына чыдабаса жумуш орунун бошотуп, башка жумуш менен алектенүүсүн айтты.
“Коррупция бул мамлекеттик чиновниктерден башталат. Эч нерсесине карабай жоопко тартабыз. Биз жөнөкөй жарандарыбызга шарт түзүшүбүз керек. Мамлекеттик кызматтарда отурган кызматкерлер алган айлыгына чыдаса иштесин, чыдабайбы, кетсин”, - деп кошумчалады ал.