Иранда бир күндө 29 адам өлүм жазасына тартылды

Иранда бир күндө 29 жаран дарга асылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барган уюмдарга шилтеме берип жазышты.

Ошентип 26 соттолуучу Каредждеги “Гезелхезар” түрмөсүндө, дагы үчөө шаардык түрмөдө өлүм жазасына тартылган.

Норвегиянын Ирандагы адам укуктары боюнча уюму өлүм жазасына тартылгандар боюнча маалыматты ырастаган. Ал эми БУУ Иранда быйыл кеминде 345 дарга асуу болгонунун, анын 15и аял кишилер экендигин билдирди.

Өлүм жазасына тартылгандардын арасында киши өлтүрүү, баңгизат жана зордуктоо боюнча соттолгон эки ооган жараны бар экендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан