Бүгүн, 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар тобу Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык кармоочу торлордон тазалоону улантууда. Бул туурасында президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен болуп жатат. Өлкө жетекчилиги тарабынан биосфералык зонадагы экологиялык кырсыктын алдын алуу жана Ысык-Көлдү жана экологияны сактоо боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатат.
“2023-жылдын жыйынтыгы боюнча суучулдар 22 миң 545 килограмм ар кандай таштандыларды жана 218 миң 100 метр балык уулоочу торлорду алып чыгарышкан. Быйыл тазалоо иштеринин натыйжасында 40 миң метр балык кармоочу торлор жана 6 тоннага жакын ар кандай таштандылар чогултулган. Учурда мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы деле уланууда”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ар бир барган адам анын жасагандары көлдүн абалына түздөн-түз таасир этерин жана жалпы күч-аракет менен гана Ысык-Көлдү келечек муундар үчүн сактап калууга болорун унутпашы керек экендиги маалыматта кошумчаланган.