"Эсимде калганы 40 жаштагы туулган күнүм..." Ырчы Роза Шакирова өздүк майрамын белгилеп жатат

Бүгүн, 12-август туулган күн тоскондордун катарында ырчы Роза Шакирова дагы бар. Ал 1978-жылы Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарчасында туулган. Шакирова 17 жашында музыкалык орто окуу жайга кларнетте ойноо жагына тапшырган. Кийин Улуттук консерваториянын опера бөлүмүнө тапшырып, 5-курсунан тартып “Туңгуч” театры менен чогуу гастролдорго чыгып иштей баштаган. Ырчы көпчүлүккө "Карабачы", "Үйлөнүү той", "Алдым ыйлап" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.

Ырчы айымды бүгүнкү туулган күнү менен куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкканда жолдо экенин айтып, туулган күндүк маанайы менен бөлүшүп өттү.

"Маанайым эң сонун. Азыр жолдомун, 3-августта түштүк тарапка кеттим эле, бүгүн келе жатам. Ал жакта тойлорум бар болчу, анан дагы эжемдин кызы турмуш жолуна аттанган.

Бүгүн менин туулган күнүмдү эң биринчилерден болуп саат он экиде курбум Фарида Карбосова куттуктады. Курбу кыздарым "бир жерди сүйлөшүп койдук, кечинде отуралы" деп жатышат", - дейт Роза Шакирова.

Ошондой эле эң эсинде калган туулган күнүн сураганыбызда 40 жашын белгилегенин айтып өттү.

"Бардык эле туулган күнүм жакшы өтөт. Эсимде калганы негизи 40 жашты белгилебейт деп коюшат экен. Мен болсо 120 киши чакырып өткөргөм (күлүп). Андай экенин билген эмесмин, конокко келген бир таанышым ошентип айтып калды, анда эмнеге келдиң деп күлүп койгом", - деди Шакирова.

Белгилей кетсек, ырчы Роза Шакирова бул жылы 46 жашка толду.

12-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан