Чүйдө той кортежине чыккан айдоочуларга 15 миң сомдон айып салынды

Чүйдө той кортежге чыккан унаалардын айдоочуларына айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Чалдабар унаа жолунда тартип бузган 2 Toyota Camry, Changan Eado EV460 жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары кармалган.

Бул факты боюнча Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин (Авто ээнбаштык) негизинде ар бир айдоочуга 15 миң сомдон айып салынган.

Кайгуул кызматы унаалар айып короого токтотулганын кошумчалады.

12.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан