Оштун Кайыңды айылында алгачкы жолу мектеп курулуп жатат (сүрөт)

Оштун Ноокат районуна караштуу Кайыңды айылында алгачкы жолу мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, Ноокат районунун борборунан 100 чакырым алыста, тоо арасында жайгашкан Көк-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылына 100 орундуу мектеп курулуп жатат. Учурда билим уясынын үстү жабылып, шыбак иштери бүтүп калды.

"Тоо арасындагы айыл элинде заманбап мектепке муктаждык жогору болуп келген. Элдин үнүн депутат Надира Нарматова аткаруу бийлигине жеткирип, билим ордосунун курулушунун демилгечиси болгон.

Ошондой эле депутат кайыңдылыктар менен жолугуп, суроолоруна жооп берди. Жергиликтүүлөр мектептин курулушун тездетүүнү суранышты. Эл өкүлү курулуштун акчасы толук чечилгенин айтып, маселе курулуш компанияда болуп жатканын түшүндүрдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан