Индиянын түндүгүндөгү штаттарда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 30дан ашуун адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан кеминде сегиз адам дайынсыз болууда.
"Жекшемби күнү жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен өлкөнүн түндүгүндөгү (Раджастан, Химачал Прадеш, Юттар Прадеш жана Пенджаб) штаттарында 31 адам көз жумду" деп жазылган маалыматта.
Басылманын маалыматы боюнча, эң көп жоготуулар Раджастан штатында болуп, 17 адам каза болуп, бешөө дайынсыз болуп жатат.