Медаль уткан дагы бир казак балбанынын машыктыруучусу менен бийлеген видеосу тарады

Париж Олимп оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси болгон казакстандык балбан Демеу Жадраевдин бийлеген видеосу тарады.

Интернет колдонуучулары видео спортчунун урматына уюштурулган салтанатта тартылганын, анда Жадраев машыктыруучусу Боранбек Коңыратов менен бийлегенин жазышууда.

Ошондой эле "Олимпиададан кийин бийлесе деле болот", "азыр болбосо, качан минтип бийлесин", "убактысын машыгууга арнаган эмгекчилдин бийи", "көнүгүү жасагандай" деген пикирлер айтылууда.

Белгилей кетсек, Демеу Жадраев грек-рим күрөшү боюнча мелдештин чейрек финалында кыргыз балбаны Акжол Махмудовду жеңген.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан