Бүгүн, 12-августта Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи айлампасы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоо 14-августта саат 14:00дө аяктайт.
Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди Абитуриент онлайн маалыматтык системасынын сайты аркылуу тапшырат.
Министрлик билдиргендей, кабыл алуунун 15-июлдан бери жүргүзүлгөн төрт турунда жалпы 24 миң 797 абитуриент жогорку окуу жайларга кабыл алынды.