Кытайда сейил бакка чагылган түшүп, 6 адам каза болду

Кытайда чагылгандан улам 6 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, кечээ, 11-августта Цзянсу провинциясындагы Чанчжоу шаарында жайгашкан сейил бактагы павильонго чагылган тийип, ал ураган жана жамгырдан баш калкалап отурган адамдарды басып калган. Окуя болгон жерден 16 адам куткарылып, ооруканага жеткирилген.

Тилекке каршы, бүгүн абалы оор деп бааланган 6 адам көз жумган. Дарыгерлер калган 10 жабырлануучунун абалы туруктуу бойдон экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан