Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Данияр Сатаров билдирди.
Ал белгилегендей, учурда селдин кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, 11-августта Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак, Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү, Бостери айылдары менен Чолпон-Ата шаарында сел жүргөн.