Төрага Шакиев Суусамырга барып, алтыгана көйгөйүнөн кабар алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынан кайтып келе жатып, Суусамыр өрөөнүн каптап жаткан алтыгана көйгөйүнөн кабар алды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, төрага экологияга коркунуч туудуруп жаткан бул жапайы бадал өсүмдүгүн жок кылуу маселеси жыйындарда талкууланып, көп көтөрүлгөнү менен аны азайтуу багытындагы иштер натыйжасыз болуп жатканын белгиледи.

”Суусамыр өрөөнүндө жергиликтүү элдин гана малы багылбастан, жай мезгилдери Чүй жана Талас облусунун бир катар райондорунан келген малчылар жайлайт. Андыктан бул өрөөндүн өлкөбүздүн айыл чарба тармагындагы орду өзгөчө. Тилекке каршы акыркы жылдары алтыгана өсүмдүгү каптап, жайытка жана айдоого ылайыктуу жерлердин аянтын азайтып бара жатканы баарыбызга белгилүү. Бул маселе Жогорку Кеңеште жана Министрлер кабинетинде көп көтөрүлгөнү менен натыйжалуу иштер жасалбай келет. Мындай жагдай улана берсе Суусамыр жайлоосун жараксыз кылып алабыз”, - деди Шакиев.

Муну менен катар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине аталган маселе боюнча алгылыктуу иштерди алып баруу тапшырмасын берген Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясы баштаган тиешелүү мекемелерди да зыяндуу бадал өсүмдүгүн азайтуу багытындагы керектүү изилдөөлүрдү жүргүзүүгө чакырды.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңеш керектүү мыйзамдарды кабыл алып, аталган маселеге байланышкан бардык маанилүү демилгелерди колдоп берүүгө даяр экенин айтты.

Мындан тышкары төрага Шакиев жергиликтүү эл жана аймакта жашап жаткан малчылар менен да баарлашып, алтыгана өсүмдүгүн азайтуу жаатындагы сунуш-пикирлерин укту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан