Ошто Морихей Уэсибынын 130 жылдыгына арналган айкидо мелдеши өтөт

29-декабрда Ош шаарындагы «Алыш» спорт комплексинде айкидонун негиздөөчүсү Морихей Уэсибынын 130 жылдыгына карата мелдештин жыйынтыгы чыгарылат. Бул тууралуу КРнын Айкидо федерациясынын аймактык бөлүмүнөн билдиришти.

Иш-чарага тажрыйбалуу спортчулар катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Жеңүүчүлөргө федерация тарабынан баалуу белектер ыйгарылат.

"Бул мелдешти уюштурууда негизги максат катары Айкидо аркылуу сергек жашоо образын жайылтуу, жаштарды мекенчилдикке үндөөнү тандап алдык",- деп кабарлашты федерация өкүлдөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан