Бүгүн, 12-августта Жазаларды аткаруу мекемелеринде “Ала-Тоонун коюнунда Айкөлдүн аты жаңырат” аттуу маданий иш-чара уюштурулду.
Маалымдалгандай, иш-чара президенттин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде өткөн.
Анда Кыргыз улуттук "Манас" театрынын кызматкерлери абактагыларга "Манас" айткан.