Бишкектеги Орто-Сай базарынын соодагерлерине кассалык аппараттар бекер берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, соодагерлердин кассалык чектердин берилишин көзөмөлдөө максатында Октябрь администрациясы райондук салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте базарды текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкерлерге товарды сатууда сатып алуучунун талабына карабастан кассалык квитанция милдеттүү түрдө бериле тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, салыктын ставкалары жылдык кирешелерден 15 миллион сомго чейин 0 пайыз, 30 миллион сомго чейин 0,5 пайыз жана 50 миллион сомго чейин 1 пайызды түзөт", - деп айтылат маалыматта.