Москвада курулушчулар массалык түрдө мушташты

Москванын борборунда курулушта иштеп жаткан адамдар эки жаатка бөлүнүп алып, массалык түрдө мушташты. Бул тууралуу "Осторожна Москва" телеграм каналы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, мушташ "Белорусская" метросуна жакын жерде болгон. Анда ондогон курулушта иштеген адамдар массалык түрдө мушташкан. Мушташкандар каска кийип алып жүрүшкөнү айтылды.

Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери чакырылган. Мындан тышкары мушташ болгон жерге "Тез жардам" кызматы дагы келген, демек мушташтан жабыркагандар бар.

Массалык мушташтын катышуучулары кайсы өлкөнүн жарандары экени айтылган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан