Иран жакынкы 24 сааттын ичинде Израилге кол салышы мүмкүн. Бул тууралуу Fox News телеканалы билдирди.
Телеканал билдиргендей, Франция, Германия жана Улуу Британия биргелешкен билдирүү жасашкан. Анда алар Иранды жана анын союздаштарын Жакынкы Чыгышта "мындан ары эскалацияга алып келе турган чабуулдардан алыс болууга" чакырышкан.
Ошол эле учурда телеканалдын аталган аймактагы булактары Иран жакынкы 24 сааттын ичинде Израилге массалык чабуул жасоону пландап жатканын тынчсыздануу менен билдиришкен.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Британиянын премьер-министри Кейр Стармер Иранды жана анын союздаштарын чабуулдардан карманууга чакырышты. Мамлекет башчылары Жакынкы Чыгыштагы абалдын мындан аркы курчушунан эч бир өлкө же улут пайда таппай турганын кошумчалашкан.
31-июлда Тегеранда Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшү аймактагы чыңалуунун күчөшүнө алып келди. Тегеран менен ХАМАС бул өлүм үчүн Тель-Авивди күнөөлөштү. Иран Израилге “тез жана катаал” жооп кайтарарын эскерткен.