Австралиялык 19 жаштагы блогер Норм уктабай эң көп убакыт өткөрүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу Daily Star басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, блогер 12 күн уктаган эмес. Бул убакыттын ичинде анга тынчсызданган адамдар ден соолугун текшерүү үчүн полицияга кайрылышкан. Австралиялык блогер 264 саат 24 мүнөт уктабай жүрүп рекорд жаңырткан.
12-күн дегенде анын үйүнө полиция кызматы жана "Тез жардам" кызматы келип, адамдар чогулган.
Буга чейинки рекордду 1964-жылы 17 жашында 11 күн катары менен уктабай жүргөн Рэнди Гарднер аттуу адам койгон. Рэнди рекорд жаңырткандан бери 400 сааттан ашык уктабай жүргөн дагы эки адам бар, бирок Гиннесстин рекорддор китебин алардын бул аракетин тааныган эмес.