Ошто 2009-жылы туулган Адилжанова Оишабону Давранжановна изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-августта Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 42 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылган. Ал 7-август күнү саат 21:30 чамасында 15 жаштагы кызы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айткан.
Бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, кашы-көзү кара, чачы кара түстө, оң бетинде кичине калы бар.
Кийген кийимдери: башында кара түстөгү жоолук, үстүндө күмүш түстөгү хиджаб, бутунда ак түстөгү бут кийим.
Милиция Адилжанованы көгөн-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0323 35 06 36, 0550 33 43 23, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93.