Чолпон-Атадагы "Рух-Ордону" дагы сел каптады (фото)

Кечээ, 13-август күнү кечинде Чолпон-Ата шаарында сел жүрүп, ал "Рух-Ордо" маданий борборун дагы каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кокту-колоттордон келген сел суусу шаардагы 1 дүкөндүн, 7 турак жайдын короосуна жана Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборун каптаган. Ошондой эле Бактуу-Долоноту айылындагы бир турак үйдүн жертөлөсүнө суу кирген.
Таң эрте Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган 46 куткаруучу "Рух-Ордо" маданий борборун тазалоого киришкен.
Жеринде Жарандык коргонуу кызматынын 2 инженердик техникасы тартылган.
Борборду ыкчам тазалоо максатында кошумча күч катары ӨКМдин дагы 75 куткаруучусунун жана техникалардын тартылуусу күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан