Токтогул суу сактагычынын жээгинде топтолгон таштанды: Мэр бул боюнча комментарий берди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Facebook баракчасы аркылуу Токтогул суу сактагычынын жээгинде таштанды толуп калган видео менен бөлүшкөн. Анда ал "Эс алууга келгем, бирок шарты ушундай экен. Бул үчүн жергиликтүү администрация жооп бериши керек" деген.

Бүгүн, 13-августта Кара-Көл шаарынын мэри Таалайбек Конкобаев аталган суу сактагычтын жээгинен таштандылар тазаланганын SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, таштанды толгон жай эс алуучулар үчүн жай уюштуруп келген ижарачыларга тиешелүү.

"Токтогул суу сактагычынын аймагында жерлерди ижарага алып иштеткендер бар. Таштанды толгон аймакты дагы 2 жаран иштетип келишкен. Алар ал жерге таштандыларды чогултуп, анан тазалап кетип турушкан. Биз учурда ал жакты текшерүүгө алып, тазалоо иштерин жүргүздүк", - деди ал.

Ошондой эле Конкобаев административдик айып салуу жагын тиешелүү органдар чечерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан