Бишкек шаарында №25 автобус каттамынын кыймыл чиймеси өзгөрдү. Калаа мэриясы мындай өзгөрүү шаардыктардын кайрылууларынын негизинде ишке ашканын билдирди.
Ага ылайык, аталган автобус каттамынын акыркы аялдамалары өзгөрүүсүз калып, И. Ахунбаев көчөсү Кырк-Кыз көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин каттайт.