Өлкө боюнча 2 миң 853 жетим балага депозит ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, "Келечекке салым" депозитин ачуу үчүн жарандардын кайрылуусунун зарылдыгы жок. Ал балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен мамлекеттик банк тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.
"Алар 18 жашка чыкканда депозиттеги 500 миң сомдон кем эмес топтолгон каражаттарын билим алууга, ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга же үй сатып алууга жумшайт", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик ыйгарым укуктуу орган тарабынан жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө депозиттик банк эсебинин номери кабарланарын кошумчалады.