Чолпон-Атадагы сел: Энергетика министрлигинин билдирүүсү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Атада шаарындагы селден электр жабдыктары жабыркаган жок. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Энергетика министрлигинен билдирди.

Ага ылайык, 12-августта катуу жааган жаандан улам шаарда сел жүрүп, "Чолпон-Ата" 110/10 кВ көмөк чордонун суу каптаган. Селдин кесепетинен көмөк чордондогу кабелдик каналдар кум, баткакка толгон.
Көмөк чордон кызматынын ишкерлери "Чолпон-Ата" 110/10 көмөк чордонундагы селдин кесепетин жоюшту. Кабелдик каналдарды тазалап, көмөк чордондун ичин жана айлана-чөйрөсүн иретке келтиришкен.
"Аталган көмөк чордондо канал казылды. Жалпысынан сел жүргөн аймактарда электр жабдыктары жабыркаган жок. Кечээ, 13-августта катуу жаанда Бактуу-Долоноту айылындагы трансформаторго чагылган түшүп күйүп кеткен. Райондук электр тармактарынын кызматкерлери трансформаторду оңдоп, электр жарыгын калыбына келтиришти", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан