Париж Олимпиадасы жабылгандын эртеси эле коркунучтуу трагедия болду

Париж Олимпиадасында иштеген ыктыярчы кыздын жансыз денеси Олимпиаданын жабылышынан кийин табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 13-августка караган түнү батирден 21 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Алдын ала кароо учурунда маркумдун баш жагында гематома жана моюнунда жаракат бар экени аныкталган. Кыздын дайынсыз жоголгонун апасы Олимпиаданын жабылыш аземинен кийин билдирген.

Полиция бул кылмышка шектүү катары маркум менен 2 жылдай тааныш болгон Олимпиаданын дагы бир ыктыярчысын кармады. Кармоо учурунда ал мас абалында болгон.

Шектүү учурда ооруканада, ал камакка алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан