ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы кармаш-уруш боюнча Дүйнө биринчилигинде 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, 3-августтан 7-августка чейин Орусиянын Орёл шаарында өткөн дүйнө биринчилигине ИИМдин 15 кызматкери катышкан. Алардын ичинен 5и 3-орунду алса, 6 кызматкер 2-орунду жана 3 кызматкер 1-орунду багындырган. Мындай көрсөткүч менен жалпы командалык эсепте 2-сапка жайгашты.
ИИМ 26 өлкөнүн командалары катышкан спорттук иш-чарада 5 кызматкери калыс болгонун кошумчалады.