Япониянын премьер-министри кызматтан кетерин айтты

Япониянын премьер-министри Фумио Кисида Либералдык-демократиялык партиянын жетекчилигин шайлоодо экинчи мөөнөткө ат салышпайт. Ал сентябрь айындагы шайлоодон кийин кызматтан кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Алдыдагы шайлоодо жаңы Либералдык-демократиялык партияны башка жактан көрсөтүү үчүн мен кызматтан кетишим керек. Бүгүнкү күндө шайлоонун ачык өткөнү жакшы", - деген ал маалымат жыйында.

Өткөн айда Фумио Кисиданын рейтинги 15,5 пайызга түшүп, бул өкмөт башчы үчүн он жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болгон. Ал коомчулуктун сынына жана рейтинги төмөндөп кеткенине карабай партия лидерлигинен кетпей турганын айтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан