Орусияда ымыркайын көчөгө таштап кеткен кыргызстандык келин камакка алынды

Орусияда жаңы төрөлгөн баласын көчөгө таштап кеткен кыргызстандык келин 10-сентябрга чейин камакка алынды. Ал ымыркайды кооптуу абалга калтырган деп айыпталууда. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 11-августта 34 жаштагы кыргызстандык Санкт-Петербург шаарынын Адмиралтейский районундагы төрөт үйлөрдүн биринде уулдуу болгон. Ал ошол эле күнү төрөтканадан качып кетүүгө үлгүргөн жана баласын райондогу үйлөрдүн биринин алдына таштап кеткен.

Ташталган ымыркай тууралуу полиция кызматына саат 22:26да маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери жуурканга оролгон наристеге күбө болушкан. Дароо "Тез жардам" кызматы чакырылып, наристе шаардык балдар ооруканасына өткөрүлүп берилген. Кийин шектүү катары апасы кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан