Эртең, 15-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19 ... +24, күндүз +34 ... +39,
Талас жергесинде түнкүсүн +14 ... +19, күндүз +31 ... +36,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20 ... +25, күндүз +34 ... +39,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +13 ... +18, күндүз ... +26 ... +31,
Нарын дубанында түнкүсүн +11 ... +16, күндүз +27 ... +32.
Бишкекте күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн +22 ... +24, күндүз +37 ... +39 градус болот.