Элчи Артыкбаев Монголиянын санариптик өнүктүрүү министри менен жолугушту 

Кечээ, 13-августта Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана коммуникациялар министри Цэндийн Баатархүү менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик өнүгүү чөйрөсүндө кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүү, атап айтканда, санариптик платформаларды, маалыматтык системаларды жана маалымат базаларын мамлекеттик процесстерге киргизүүнү талкуулашты.

Артыкбаев Кыргызстан Монголиянын санариптик экономика жаатындагы эң мыкты тажрыйбасын жана билимин өздөштүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Баатархүү монгол тараптын санариптик өнүктүрүү жаатында Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, жакынкы келечекте өз ара кызматташуунун негизги багыттарын аныктоону сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан